Лейлекте аялдын жансыз денеси жолдон табылды. Анын денесинде көк ала тактар болгон

Баткен облусунун Лейлек районунда белгисиз аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Аялдын жансыз денеси 23-ноябрда Кулунду—Жаңы-Жер унаа жолунан табылган.

"Маркум болжол менен 35-40 чамасында болгон. Аялды кароо учурунда анын денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган. Маркумдун үстүндө күлгүн түстөгү күрмө, кара түстөгү лосина жана бутунда кышкы бут кийим болгон. Ошондой эле анын чөнтөгүнөн 25 сомони (Тажикстандын улуттук валютасы) табылган. Азырынча аты-жөнү тактала элек", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан