Саясатчы Ахматбек Келдибеков: "Сот реформасы акырындан жылып жатат". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 9-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Кыргыз сотунун 95 жылдыгына карата иш-чара өттү. Мамлекет башчы сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, реформа үчүн материалдык база жакшырууда, бирок реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт. Президент соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө экенин айтты.

SUPER.KG порталы "Президент сот реформасы алдыга жылбай жатканын айтты. Сот реформасын ишке ашыруу үчүн эмне аракет жетишпей жатат?" деген собол салды.

Саясатчы Ахматбек Келдибеков сот реформасын мындан дагы ылдам жүргүзүү керектигин айтты.

"Сот реформасы акырындан жылып жатат деп эсептейм. Мурдагыга караганда элдерден акыйкатсыз чечимдер чыгып жатат деген арыздар азайып баштады. Сот реформасын мындан дагы ылдам жүргүзүш керек. Президент айткандай, санариптешүүгө өтсөк, ар бир процессти көрсөтсө бул чоң жетишкендик болот. Сот реформасын чечкиндүү шарттар менен жүргүзүү абзел. Буга президенттин көз алдында көзөмөл болсо, сөзсүз түрдө сот реформасы алдыга жылат. Ага мыйзамдарды түздөп, база түзүш керек. Техникалык жактан камсыздоо зарыл. Ошондон кийин санарипке өтсө, сот чечимдери элдин көзөмөлүндө болуп, туура чечимдер чыгып баштайт", - дейт Келдибеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан