Бүгүн, 9-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Кыргыз сотунун 95 жылдыгына карата иш-чара өттү. Мамлекет башчы сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, реформа үчүн материалдык база жакшырууда, бирок реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт. Президент соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө экенин айтты.
SUPER.KG порталы "Президент сот реформасы алдыга жылбай жатканын айтты. Сот реформасын ишке ашыруу үчүн эмне аракет жетишпей жатат?" деген собол салды.
Саясатчы Адахан Мадумаров реформаны ишке ашыруу үчүн каалоо керектигин айтты.
"Сот реформасы деп жарыя кылганда, адам өзүнө-өзү "мен ошого кызыкдармынбы, мен ошону айткандан кийин ишке ашыра аламбы?" деп суроо бериши керек. Сот реформасы деп президенттер 1991-жылдан бери кыйкырып келишет. Бирок 28 жылдан бери сот реформасын бүтүрө алышпай койду. Бул жөнөкөй эле сөз, жөнөкөй эле курулай ураан, чындыгында кайсы президент келбесин сот реформасын каалабайт. Себеби ар бир бийлик соттордун чөнтөктүү болгонун каалайт. Жөн эле элдин алдына чыкканда камера үчүн сүйлөп коюшат.
Эгерде мамлекеттин жетекчиси сот реформасын өткөрүү боюнча каалоосу болсо, бир жылга жеткирбей жасап койсо болот. Тийиштүү мыйзам актыларына өзгөртүү, түзөтүү киргизүүгө ашып кетсе бир ай кетет. Мыйзамдарды шайкеш келтирүү үчүн бир ай кетсе, сотторду окутуп жаңы түзүмдөрдү окутканга бир ай кетет. Аны кыйкырып айтып койгондон реформа болбойт. Соттордун эркиндигин камсыз кылуу зарыл, сот үч сапатка ээ болушу керек. Ыймандуу, сабаттуу, өз жеке башынын эркиндигин туу туткан адам болушу шарт. Реформаны ишке ашыруу үчүн каалоо керек", - дейт Мадумаров.