Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Улугбек Ормонов Балыкчы-Корумду жолун куруу иши качан аягына чыга турганын сурады.
Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов азыркы күндө Балыкчы-Корумду жолунун 58 чакырымында бир катмар асфальт төшөлгөн. "23 чакырымда асфальт төшөө жумушу баштала элек. Республикалык бюджеттен акча бөлүнсө, эмки жылы каржыланабыз. Бул республикалык бюджеттен каржылана турган долбоор", - дейт министр.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында "2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат.