Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоп-түзөө иши 4 жылдан бери бүтпөй жатканына нааразы болду. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бишкек-Кара-Балта жолунан эки күн мурун өткөндө туман басып, караңгы болуп турду. Жолду куруу долбоорунда жарык, тротуар каралганбы? Жол караңгы болуп, эки-үч унаа кагышты. Ушул жолду 4 жылдан бери куруп бүтпөй койдуңар", - дейт депутат.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиев жолду куруу иши 2017-жылы башталган эске салды. "Долбоорго ылайык, курулуш иши 2020-жылы май айына чейин бүтүшү керек. Бирок жол куруучулар жолду куруп бүтүрүүнүн мөөнөтүн дагы 6 айга жылдырууну суранып жатышат. Долбоордо тротуар, жарык орнотуу каралган", - дейт ал.