Бүгүн, 10-декабрда парламент комитетинин жыйынында Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы каралып, чоң талкуу жаратпастан Жогорку Кеңештин палатасына жөнөтүлдү.
Комиссиянын жыйынтыгы боюнча баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров толук кандуу маалыматты Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып чыга турганын журналисттерге билдирди.
"Комиссиянын корутундусу жарым сааттык болгондуктан, комитет жыйынында чоң талкуу болгон жок. Ал жерде хронология көрсөтүлгөн. Күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги камтылган. Кайталанып калбашы үчүн 12-декабрда палатада толук кандуу айтып чыгабыз", - дейт ал.
29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.