Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясына расмий сапар менен барат

15-17-декабрда Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, мураскер ханзаада Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд, Сауд Арабиясынын Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, спорт, билим берүү жана илимий чөйрөлөрдө, ошондой эле социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы документтерге кол коюу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан