Бүгүн, 11-декабрда Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунда жыйын өттү. Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды.
SUPER.KG порталы "Премьер-министр жеке маалыматты коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды. Өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргой алабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча мамлекеттик органдын түзүлүшүн колдой турганын билдирди.
"Конституцияда жазылгандай, ар бир адамдын укугу корголушу керек. Өкмөт жарандардын жеке маалыматын милдеттүү түрдө коргошу шарт. Себеби маалымат өкмөттүн түзүмдөрүндө болууда. Ошол эле "Коопсуз шаар" долбоору Мамлекеттик каттоо кызматы менен ИИМдин астында болуп жатат. Жеке маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматында болуп жатат. Ал жерде бир да маалымат сыртка чыкпашы керек. Маалыматка ким жоопкерчиликтүү болсо, ошолор жооп бериши зарыл. Акыркы чыгып кеткен маалыматтар боюнча жоопкерчиликтүү кызматтар жооп бериши абзел.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик орган түзгөнгө убакыт келип жетти. Мамлекеттик органдын түзүлүшүн туура деп ойлойм", - дейт Аалы Карашев.