Бүгүн, 11-декабрда Ички иштер министрлигинин Санариптешкен командалык борборунда жыйын өттү. Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 1-февралына чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды.
SUPER.KG порталы "Премьер-министр жеке маалыматты коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүүнү тапшырды. Өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргой алабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жарандардын жеке маалыматын коргоо боюнча мамлекеттик орган кандай иш алып бара турганын убакыт көрсөтөрүн айтты.
"Бизге мындай орган керек. Азырынча УКМК "Коопсуздук шаарды" көзөмөлдөп жатат. Алар ошон үчүн айып пулдун 5 пайызын алууда. Жарандардын жеке маалыматы чыгып кеткени үчүн алар дагы күнөөлүү. УКМК аны карай албаса, жаңы түзүлгөн орган кантип карайт билбейм. Мамлекеттик орган өзү керек, кандай иштей турганын убакыт көрсөтөт", - дейт Бекешев.