Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча үй камагына алынган Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбеков менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен. Бул боюнча ИИМ төмөнкүчө түшүндүрмө берди.
"2-ноябрда жактоочусунун өтүнүчү менен Рысалиевдин ден соолугуна байланыштуу ИИМдин тергөө кызматы Рысалиевдин Кытай Эл Республикасында дарылануусуна уруксат берген. Ошондой эле анын өлкөдөн чыкпоо милдеттендирмеси алынган", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Зарылбек Рысалиевдин ушул жылдын 2-августунда Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына алынган. Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.