Депутат Момбеков "Коопсуз шаар" боюнча: "Илгери төрт бутту карышкырдан корккондор, бүгүн үч бутту камерадан коркуп калды"

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков "Коопсуз шаар" долбоору "Жоопсуз шаар" долбоору болуп калды деген пикирин билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенде бул коммерциялык долбоор деп айтып чыккам. Бир жылга жетпеген убакта 1 миллиард сомдой айып пул салынды. Анын 580 миллион сому төлөндү. Илгери төрт бутту карышкырдан корккондор, бүгүн үч бутту камерадан коркуп калды. Президентибиз жарандын жеке маалыматы сактылышы керек деп айтты эле. Бизде жакында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы менен орун басары деп маалыматты чыгарып салышты. Алдында ким отурганын, кимдин каякка колун салып баратканын эмнеге чыгарышат? Дагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы унчуккан жок. Мен анын ордуна болсом, "Веганы" сотко берет болчум. Адамдардын жеке маалыматын чыгарбаш керек да. Демек, бул "Коопсуз шаар" эмес "Жоопсуз шаар" болуп калыптыр. Карызды алып келген катты "бактылуу кат" деп атап алышыптыр. Карапайым эл үчүн карызды алып келген кат согушта алып келген кара каттай кабыл алынат. Байлар базаркомдор үчүн бул бактылуу кат болушу мүмкүн", - дейт Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан