Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы каралып жатат. Баяндаманы комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтык Шайназаров жасап жатат.
Ал август айында Кой-Таш айылында орун алган кырдаалды объективдүү изилдөө максатында өкмөттүн буйругу менен мамлекеттик комиссия түзүлгөнүн айтты. "УКМКнын, ИИМдин жана башка кызматтын аталган окуяга түздөн-түз катышкан кызматкерлердин маалыматы угулду. Ошондой эле маалымат каражаттарына жарыяланган маалыматтар изилденди", - дейт ал.
29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.