Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы каралып жатат. Баяндаманы комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтык Шайназаров жасап жатат.
Шайназаров Атамбаевдин тарапташтары Бишкекте митинг уюштуруп, баш аламандык жаратууну каалашкандыгын айтты. "Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар үй-бүлөлүк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен, калкка жаман көрсөтүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган деген жыйынтыкка келди. Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митинг уюштуруп, баш аламандык жаратууну каалаган. Бирок укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, саясий кырдаалдын курчушуна жол берген жок", - дейт депутат.
29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.