Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кандай далил заттарды жок кылганын сурады.
Аскер прокурору Нуркамал Набиев: "Курсан Асанов Атамбаевдин үйүнөн алып чыгып кеткен баштыктагы буюмдар боюнча кылмыш иш тергелүүдө. Кайсы буюмдарды алып чыгып кеткенин тергөөнүн сырына байланыштуу айта албайм. Тергөөнүн жыйынтыгы менен билинет", - дейт.
Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы каралып жатат.