Биз социалдык тармакта

Бишкектеги №145 бала бакчада балдарды сабашабы? Мэриядан жооп

17-декабрь күнү социалдык тармакка №145 бала бакчадан тартылган видео тараган. Анда бала бакчанын ортоңку тайпасында чыңырып ыйлаган баланын жана аны урушуп жаткан аялдын үнүн угууга болот. Видео коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, "баланы ким урса да жаза тартышы керек!" деген пикирлер жааган. Бул окуя боюнча Мэриянын басма сөз кызматы төмөнкүдөй билдирүү таратты.

"Бүгүн таң атпай шаардын вице-мэрлери Татьяна Кузнецова, Азиз Алымкулов, билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери №145 бала бакчага барышкан. Маалыматка ылайык, видеодо ыйлаган бала бакчанын бала багуучусунун кызы болгон. Кызы сабактан кийин апасы менен чогуу кетели деп жумушуна келген. Апасы коркуп кетип, кызын урушкан. Азыр бала багуучу 1-класстагы кызын урушуп койгону үчүн кыжалат болуп жатат.
Асел Исмаилова 5 жылдан бери бала багуучу болуп иштеп келет. Буга чейин мындай окуялар бала бакчада катталган эмес. Балдардын ата-энелеринин бала бакчага, тарбиячыларга эч кандай доосу жок.

№145 бала бакчада балдарды сабашабы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
sinej
2019-12-18 14:59:40
Бизде мамлекеттик бала бакча аз. Арабтардын мечитин сала бербей бербей бала бакча курсаңар болбойбу. Жэ жүгүнүп, сыйынгандан жашоо турмуш өзгөрүп кетеби.
0
Altyn10076
2019-12-18 16:39:51
sinej,мечити мамлекет салып берип атабы. Соопчулук үчүн колунда бар кишилер салдырып атат.
+2
Muslim.azamatovich
2019-12-18 19:09:51
sinej,мечит салганы жакшы эмесби кайра мечит салгыча дейсин,,,жепжутаарлардын чонтокторуно кеткен миллиондорго мечитда,бала бакча да курса болот негизи
+2
madina.87
2019-12-18 15:01:32
Кайра момпосуй менен алдап коюптур да.Кантип эле өзүнүн кызы болот?
Өзүнүн кызын урса ,жанындагы балдардын жүрөгү түштү го.
0
Losw
2019-12-18 15:44:20
Бийликте жалан жомокчу жепжутарлар отурат. 2017-жылы самолет кулап, контрабандалык жук ачыкка чыкканда да жомок айтышкан. 9000 сомдон кочот сатып алышып деле жомок айтышкан. Кытай Пекинден Кыргыз элчилигине 20 сотых жер берсе, биздикилер Кытай элчилигине 3 гектардан ашуун жерди карматып коюшту...

Эми тарбиячы аял 1-класста окуган кызы бакчага келсе коркуп кеткен имиш да, чыныртып урган имиш. Ким ишенет бул жомокко?!

Ата-энелердин доосу жок имиш! Абсурд! Жомок баары!!!
+3
Losw
2019-12-18 15:46:21
Бир байкуштун бополоп, айланып-тегеренип караган баласы же кызы токмок жеди да бакчада. Туштон кийин жомок токуп элди алдагыча, куноонорду мойнунарга алып, арыз жащып иштен кетишсе болмок, адамга окшоп иштегенди билишпесе!!!
+5
Muslim.azamatovich
2019-12-18 19:02:55
Урушканда ыйлаганга окшосо олойун,,явно Эле уруп ататго байкушту ещё окучу баланын унунода окшобойт,,,калпычылар
+3
Saliman
2019-12-18 22:04:00
Эмнеге эле жалган маалымат берип жатышат тообо . супер инфо "эмнеге коркуп кетесин 1-класстагы кызындан,корксон эле ошондой сабап саласынбы?"-деген сыяктуу суроолорду жамгырдай жаадырып,озунор иликтеп салсанар жакшы болмок.а то тигилер карандай калпты балп эткизип коюшуптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан