2015-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго сыйлык тапшырылганына каршылык билдирүү максатында, Кыргыз өкмөтү АКШ менен болгон макулдашууну бир тараптуу денонсация кылууга барган.
Жакында эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун ЖМКлар боюнча өкүлү Арлем Дезирдин Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндигине байланыштуу бир тараптуу жана чыныгы кырдаалды чагылдырбайт деп айткан. Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун өкүлүнө жана АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол сыяктуу комментарийлерине карата "биз муну эгемендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракети деп баалайбыз" деди.
SUPER.KG порталы "АКШга жана ЕККУга Тышкы иштер министрлигинин "эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегиле" деп коңгуроо какканы туура чечим болдубу?" деген собол салды.
Саясий серепчи Эдил Осмонбетов АКШ менен ЕККУнун билдирүүсү Кыргыз өлкөсүнүн ишине киришкендик эмес деген пикирин билдирди.
"Маселенин эки жагы бар, Тышкы иштер министрлиги ички саясатынын же жарандарынын кызыкчылыгын коргош керек. Ошого жараша, мындай билдирүүлөргө реакция жасаганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок Эл аралык дипломатиянын негизги эрежеси боюнча, реакция бербеши керек эле. Себеби Кыргыз мамлекети эл аралык келишим, конвенциялардын катышуучусу. Бул жагынан алып караганда, алардын айткан сөздөрүн киришүү катары кабыл албаса деле болот. Алар эл аралык өнөктөш катары пикирин билдиришти. Учурда Кыргыз өлкөсүндө оор абал болуп жатат. Ошондуктан биздин өлкөдөгү абал саясий-стратегиялык шериктерибиздин көңүл чордонунда турат десек болот", - деди Осмонбетов.