Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 100 миң эмес, 150 миң рубль болуп калды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, акча которуудагы чектөөгө байланышкан маселе Кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин деңгээлинде каралган.
Бул маселенин үстүндө иштөөнүн натыйжасында, «Юнистрим» төлөм системинин Кыргыз өлкөсүнө акча каражаттарын транс чек аралык которуусунун шарттары өзгөртүлдү. Ага ылайык, каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублды түзөт.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бул маселенин көпчүлүк биздин жарандардын кызыкчылыгына таасир этерин эске алганда, дал ушундай маселелер Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин аянтчасында чечилиш керек.