Депутат Марлен Маматалиев: "Кара түтүн көйгөйүнө көңүл бурулбаса, өкмөт кетсин деген маселени көтөрөм"

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкек шаарын каптаган кара түтүн боюнча маселе көтөрдү.

"Мен бүгүн үчүнчү ирет кара түтүн боюнча маселе көтөрүп жатам. Бул маселени керек болсо 10-жолу көтөрөм. Бир топ депутаттар, эл көтөрүүдө. Бирок өкмөт тараптан көрүнүктүү иш-чаралар болбой жатат. Тийиштүү кызматкерлер жоопкерчиликке тартылбай жатат. Эгерде бул маселеге көңүл бурбай турган болсоңор, өкмөт кетсин деген маселени көтөрөм. Сунуштарды кабыл албай жатасыңар. Коррупцияга каршы мыйзамга үч айдан бери өкмөт көңүл бурбай жатат. Президентибиз өзү колдогон нерсени колдобой жатасыңар", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан