Депутат Чыныбай Турсунбеков “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун сапаты начар болуп жатканын жергиликтүү тургундар көрсөтүшкөндүгүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ошону менен катар эле депутат Таш-Башат айылында курулушу башталып, кайра токтоп калган Жогорку Нарын ГЭС каскаддары тууралуу маселесин белгиледи.
"Жогорку Нарын ГЭСи жайгашкан Таш-Башат айлынын тургундары бир топ жайытынан айрылып калышканын, жер тартыш экенин айтышат. ГЭСтин курулушу токтоп турат, пайдасыз жата бергенден көрө, анын курулушуна инвесторлорду тартыш керек же ал жайгашкан жерди элет тургундарына жайыт катары бериш керек. Өкмөт бул маселени ушул кезге чейин жарытылуу чече албай жатат", - деди депутат.