Социалдык фонддун төрагасы: "2020-жылы пенсияны көбөйтүүгө 829 миллион сом каралды"

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков келерки жылы пенсиянын өлчөмүн көбөйтүүгө канча каражат каралганына жана ал канча пайызга көбөйө турганына кызыкты.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев 2020-жылы пенсиянын өлчөмүн 1-октябрдан тарта индесациялоо аркылуу көбөйтүү пландаштырылып жатат. “Мыйзам долбоорунда пенсияларды көбөйтүүгө 829 миллион сом каралды. Каражаттын 51 миллион сому республикалык бюджеттен, калган бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен берилет. Бул жалпы пенсиянын базалык бөлүгүнүн 7-10 пайызын түзөт”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан