Таалайбек Нуралиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Маалыматты өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Таалайбек Нуралиев ушул жылдын февраль айында бул кызматка дайындалган.
Нуралиев 1967-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Ал эмгек жолун Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында катардагы опер кызматкери катары иштеп баштаган. 2010 жана 2017-жылдары Нарын облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген.