КҮНСОБОЛ: Депутаттар өкмөт Бишкекти каптаган ышка көңүл бурбай жатканын айтышты. 1 миллиондой киши жашаган борбор шаардын калкынын саламаттыгы өкмөттү эмне үчүн ойлондурбайт? Токтошев: "Өкмөт бул маселе боюнча эч кандай чара көрбөй жатат"

Бир канча күндөн бери Бишкек шаарын кара түтүн каптап жатканы көптөрдүн көңүл чордонунда болуп жатат. Бүгүн, 19-декабрда депутаттар шаарды каптаган ышка өкмөт көңүл бурбай жатканын айтып чыгышты. Депутат Марлен Маматалиев бул көйгөйгө көңүл бурулбаса, өкмөт кетсин деген маселесин дагы көтөрүп чыгарын билдирди.

SUPER.KG порталы "Депутаттар өкмөт Бишкекти каптаган ышка көңүл бурбай жатканын айтышты. 1 миллиондой киши жашаган борбор шаардын калкынын саламаттыгы өкмөттү эмне үчүн ойлондурбайт?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев тийиштүү мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигин караш керек деген пикирде.

"Бул маселени депутаттар көп көтөрүп жатат. Биз канчалык айтканыбыз менен өкмөт көзгө көрүнө турган иш жасаган жок. Эч кандай жыйынтык жок. Тийиштүү мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигин караш керек. Мындай боло турган болсо, премьер-министрдин өзүнүн жоопкерчилигин караганга туура келет. Бул жерде биздин балдарыбыз жашайт. Мындай маселе бир эле депутаттардын көйгөйү эмес, жалпы шаардын маселеси да. Тийиштүү органдардын чабалдыгы болуп жатат. Демилге көтөрбөй жатышат", - дейт Токтошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан