Бир канча күндөн бери Бишкек шаарын кара түтүн каптап жатканы көптөрдүн көңүл чордонунда болуп жатат. Бүгүн, 19-декабрда депутаттар шаарды каптаган ышка өкмөт көңүл бурбай жатканын айтып чыгышты. Депутат Марлен Маматалиев бул көйгөйгө көңүл бурулбаса, өкмөт кетсин деген маселесин дагы көтөрүп чыгарын билдирди.
SUPER.KG порталы "Депутаттар өкмөт Бишкекти каптаган ышка көңүл бурбай жатканын айтышты. 1 миллиондой киши жашаган борбор шаардын калкынын саламаттыгы өкмөттү эмне үчүн ойлондурбайт?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова кара түтүндү экономикалык маселе деп айтса болот деген пикирде. "Кара түтүн жылытуу мезгилинде пайда болот. Көмүр менен үйлөрдү жылытканда дагы тургундар өздөрүнө билинбегени менен абдан чоң зыян келтиришет. Көмүрдөн башка ар кандай нерселерди отко салганда зыяны тиет. Ошондуктан бүгүнкү күндө газификацияга көңүл буруу керек. Тилекке каршы, газификацияны карап көрсөк, газды үйгө чейин алып баруу маселеси дагы кымбат. Газификация кымбат болуп калат экен. Көмүр менен үйдү жылытуу үчүн бир күнгө 100 сом кетсе, газ менен жылытууга 150 сом кетет экен", - дейт Айсулуу Мамашова.