Депутат Бактыбек Турусбеков: "Шаарды кара түтүн каптап жатканы боюнча депутаттар кыйкырышууда, өкмөт, мэрия уктап жатышат". КҮНСОБОЛ

Бир канча күндөн бери Бишкек шаарын кара түтүн каптап жатканы көптөрдүн көңүл чордонунда болуп жатат. Бүгүн, 19-декабрда депутаттар шаарды каптаган ышка өкмөт көңүл бурбай жатканын айтып чыгышты. Депутат Марлен Маматалиев бул көйгөйгө көңүл бурулбаса, өкмөт кетсин деген маселесин дагы көтөрүп чыгарын билдирди.

SUPER.KG порталы "Депутаттар өкмөт Бишкекти каптаган ышка көңүл бурбай жатканын айтышты. 1 миллиондой киши жашаган борбор шаардын калкынын саламаттыгы өкмөттү эмне үчүн ойлондурбайт?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбековдун айтымында, шаарда бул маселени көтөрбөгөн адам жок.

"Бул өтө чоң көйгөй. Кыш келгенге эки эле жума болду. Дагы эки жумадан кийин үч ай кыш болот. Монголияда түнү электр энергияны акысыз кылып отун, көмүрдү жакпай, абаны тазалап жатышат. Биз кыйкырып жатабыз өкмөт, мэрия уктап жатышат. 1 миллион адамдын ден соолугу кандай болот? Биздин шаарыбыз коопсуз шаар эмес, кооптуу шаар болуп калды. Эң кир шаарлардын бири болуп калды. Кара түтүндү жок кылууга эрк керек. Өкмөт чара көрүшү шарт", - дейт Турусбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан