Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн бүгүн, 20-декабрда Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүнөн сырткары, КМШга катышуучу мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан