Депутат Строкова Ширин Айтматованын күйөөсүнүн кармалышы боюнча пикирин билдирди

Депутат Евгения Строкова Ширин Айтматованын күйөөсүнүн кармалышы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-декабрда социалдык тармак аркылуу жазды.

"Үй-бүлөлүк иштер менен алектенгенге себеп бар. Үй-бүлөнүн кучагына кайтуу керек. Ширин, клуб күтүп турат. Кыздарың жөнүндө ойлон. Эне кыздары үчүн үлгү болушу шарт", - деп жазды Строкова.

20-декабрда Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев "ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн" УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Маалыматка ылайык, Кытай жараны Сыргак Кенжебаевге 350 миң доллар акчасын алдатып койгонун айтып, арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан