Бүгүн, 20-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөлөрдүн кызматташуусун өркүндөтүү маселелери жана Евразия экономикалык кеңешинин интеграциясын тереңдетүү маселелери күн тартибине коюлду.
Чакан курамда сүйлөшүүлөрдөн кийин делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен отурум кеңейтилген курамда улантылды.
Бир катар документтерге кол коюлду.
- Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясынын багыттары жөнүндө;
- Евразия экономикалык комиссиясы Коллегиясынын төрагасы жана жеке курамы жөнүндө;
- Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүүдөгү негизги ыкмалар жөнүндө;
- Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө;
- Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча макулдашууга кол коюу жөнүндө;
- Европа экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттери тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногунун иштөөсүнө болгон тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди алып баруу жөнүндө;
- Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кээ бир секторлор боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө;
- Евразия экономикалык комиссиясынын иштөө регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- Евразия экономикалык биримдигинин жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүүгө багытталган иш-чаралардын планы жөнүндө;
- Евразия экономикалык биримдигинин төрагалыгы жөнүндө;
- Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө.