Быйыл, 2019-жылы бир топ саясатчыларга кылмыш иши козголду. Кээ бирлери камакка алынса, айрымдары үй камагында калтырылды. Алардын катарында мурдагы президент, депутаттар, экс-депутаттар бар. SUPER.KG порталы кимдерге кылмыш иши козголуп, кимдер камакка алынганын тизмектеди.
7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка күч менен алып келүү операциясы маалында баш аламандык орун алган. Анда бир канча адамдар жаракат алып, УКМКнын "Альфа" атайын тобунун кызматкери Үсөн Ниязбеков каза болгон. Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага "кылмышка кошо катышуу" жана "коррупция" беренелери боюнча айып коюлган.
Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова Кой-Таш окуяларына байланыштуу кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шектелген. Ал "чектөөсүз" деген аныктама менен үй камагына алынган.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина "барымтага алуу" жана "кылмышка катышуу" беренелери менен айыпталып жатат. Азыркы тапта ал үй камагына алынды.
Кой-Таш окуясынан кийин 13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан. Башкы прокуратура Курсан Асановго "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин ачкан. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн. Учурда Асанов үй камагында.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, КСДПнын азыр камакта отурган өкүлү Фарид Ниязов 8-августта камакка алынган. Ал "барымтага алуу", "массалык баш аламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда. Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү 2020-жылдын 9-февралына чейин узартылган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков 3 берене менен айыпталууда. Кой-Таш окуясында спецназдарды барымтага алууну уюштурган, массалык баш аламандык уюштурууга катышкан жана бийликти күч менен басып алууга далалат жасаган деп күнөөлөнүп жатат. Равшан Жээнбеков 12-декабрда камакка алынды. Биринчи Май райондук соту аны 9-февралга чейин тергөө абагында камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевге "бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу", "калайман баш аламандык уюштуруу", "барымтага алуу" боюнча айып тагылган. Ал 27-декабрда 9-февралга чейин камакка алынды.
Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 3-июнда камакка алынган. Ички иштер министрлиги Аида Салянова тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргенин жарыялаган. 15-августта Салянованы камакка алуу чечими өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен окуяда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу. Ал 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сурак берип жатып, өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Бул иш боюнча депутат ден соолугуна байланыштуу үй камагына алынган.
Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган учурда Шамил Атаханов коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болуп иштеген. Ал бул иш боюнча 21-майда кармалып, 26-июнга чейин тергөө абагына камалган. Кийин Атаханов тергөө менен кызматташуу ниетин билдирип, үй камагына чыгарылган.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча шектүү катары мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева кармалган. Ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.
Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен шектелүүдө. Тиешелүү кылмыш иши 20-августта ачылган. Анын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, үй камагына алынды.