Депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги абанын булганышын төмөндөтүү боюнча сунуштарын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Шаарды кара түтүн каптаганы оор маселеге айланып жатат. Эл аралык көрсөткүчтөр боюнча, Бишкек эң ыштуу шаарлардын катарына кирди. Ыш адамдын ден соолугуна зыян. Бул боюнча министрликтердин, мэриянын позицияларын билебиз. Мэрия беткап кийгиле десе, өкмөт түшүнүксүз жооп берип жатат. Бирдиктүү иш алып баруу максатында бул тууралуу токтом кабыл алып беришибиз керек. Жаратылыш газын үйгө киргизүүгө 30 миң сом керек болот экен. Өкмөт Газпром менен механизмдерди иштеп чыгуусу керек.
Ошондой эле ЖЭБ боюнча эксперттер менен сүйлөштүк. ЖЭБ жаңылангандан кийин бизге ар кандай көмүрлөрдү жакканга мүмкүнчүлүк түзүлүп калыптыр. Сөзсүз түрдө жагылып жаткан көмүрлөрдү текшерүү зарыл", - дейт Марлен Маматалиев.