Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Тазабек Икрамов өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун канча ардагери бар экенин сурады.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдиргендей, бүгүнкү күндө 200дөн ашык ардагер бар. Анын айтымында, 9-майда 300дөн ашык ардагер бар болчу.
Депутат мамлекет тарабынан майрамдарда аларга белектер берилиши керектигин айтты. Министрдин орун басары жергиликтүү бийлик менен иш алып бара турганын билдирди.
Комитет жыйынында "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.