КҮНСОБОЛ: Кулматов сот залынан бошотулуп, Ибраимов 15 жылга соттолду. Экс-мэрлерге чыккан өкүм калыс болдубу же саясий чечим болдубу? Осмоналиев: "Соттордун принциптери элге түшүнүксүз болуп жатат"

Бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анда Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып пул төлөө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кулматов сот залынан бошотулуп, Ибраимов 15 жылга соттолду. Экс-мэрлерге чыккан өкүм калыс болдубу же саясий чечим болдубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев бардык нерсени убакыт көрсөтө турганын айтты.

"Бул суроо боюнча пикирди дароо айтуу кыйын. Бир топ анализдерди жасап жатабыз. Менин оюмча, соттордун өздөрүнүн кандайдыр бир калайык калкка түшүнүксүз принцип, себептери болуп жаткандай. Чынында экөөнүн соттун астында болгон айыптоо иштери абдан оор иштер болчу. Чыккан чечимдер боюнча суроолор бар. Бардык нерсени убакыт көрсөтөт", - деди Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан