Бүгүн, 24-декабрда парламент комитетинде Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен Араб Эмиратындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Абдулатиф Жумабаевдин талапкерлиги каралды.
Депутат Жылдыз Мусабекова Жумабаевдин буга чейин аткарган иштерин эске алуу менен талкуусуз анын талапкерлигин колдоону сунуштады.
Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин депутаттары Жумабаевдин талапкерлигин колдошту.
Буга чейин Абдулатиф Жумабаев 2014-жылы президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы болуп эмгектенип келген.