Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз өлкөсү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү" долбоору боюнча насыялык макулдашуу каралды.
Мыйзам долбоорун ишке ашыруу багытында 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 5 миллион евро көлөмүндө каражат берилмекчи. "Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл. Каражаттын 1,6 миллион евросу жеңилдетилген насыя жана 3,4 миллион евросу грант болуп саналат. Долбоордун жыйынтыгы менен 33 900 адамдын таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин депутаттары мыйзам долбоорун колдошту.