Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны эртең, 25-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Бул иш-чара жылына бир эле жолу болгону үчүн медиа өкүлдөрү күткөн окуялардын сап башында турат.
SUPER.KG порталы "Президент эртең жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берет. Эгерде сиз журналисттин ордунда болсоңуз, мамлекет башчыга кандай суроо узатмаксыз?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева сексуалдык ыдык көргөзүүгө каршы мыйзамды кээ бир эркек депутаттар колдобой жатышкандарын айтты.
"Сексуалдык асылуу, ыдык көргөзүүгө каршы мыйзамды парламентке алып киребиз десек, кээ бир эркек депутаттарыбыз колдобойбуз деп жатышат. Иштеген, окуган айымдарды колдоо үчүн мыйзамга президент катары кол коёт белеңиз? Эркек депутаттар эгер бул мыйзамды колдосок, эки аял алууга жол бересиңер деп тамашалап башташты. Президент эгер ооба, колдойм деп үн катса, көпчүлүк каршы чыкпашына ишенем", - дейт Сурабалдиева.