Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны эртең, 25-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Бул иш-чара жылына бир эле жолу болгону үчүн медиа өкүлдөрү күткөн окуялардын сап башында турат.
SUPER.KG порталы "Президент эртең жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берет. Эгерде сиз журналисттин ордунда болсоңуз, мамлекет башчыга кандай суроо узатмаксыз?" деген собол салды.
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин айтымында, журналисттердин көпчүлүгү Райымбек Матримов, Бишкек шаарын каптаган кара түтүн, ЕАЭБ тууралуу сурашат.
"Мурдагы президент Атамбаев стратегиялык жактан Кыргыз өлкөсүн бир туңгуюкка алып келип туруп кетти. Мурунку президенттерден айырмаланган жок. ЕАЭБге камап коюп кетти. Стратегиялык ката кетирди. Ушул боюнча суроо берсе болот. Бишкек-Пекин темир жолу 28 жылдан бери талкуу болуп жатат. "Ушул темир жолду президенттиктен кеткенге чейин баштай алам деп сөз бересизби?" деп суроо берүү керек", - дейт Сейтек Качкынбаев.