Депутат Карамат Орозова: "Президентке "Кыргыз-Тажик чек ара маселесин тез чечүүнүн кайсы жолу ыңгайлуу деп эсептейсиз?" деген суроо бермекмин". КҮНСОБОЛ

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны эртең, 25-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Бул иш-чара жылына бир эле жолу болгону үчүн медиа өкүлдөрү күткөн окуялардын сап башында турат.

SUPER.KG порталы "Президент эртең жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берет. Эгерде сиз журналисттин ордунда болсоңуз, мамлекет башчыга кандай суроо узатмаксыз?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова чек ара маселесин чечүү узак жумуш экенин айтты.

"Президенттин, комиссиянын деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок маселе чечилбей жатат. Кайсы жол менен чечүү оңой болот? Президентке "Кыргыз-Тажик чек ара маселесин тез чечүүнүн кайсы жолу ыңгайлуу деп эсептейсиз?" деген суроо бермекмин. Эл кыйналып кетти. Бул маселени тез арада чечүү керек", - дейт Орозова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан