Жарандык активист Айбек Мырза: "Президентке курултай институту, коррупцияга каршы күрөшүү, Жер-Үй кени боюнча суроо бермекмин". КҮНСОБОЛ

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны эртең, 25-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Бул иш-чара жылына бир эле жолу болгону үчүн медиа өкүлдөрү күткөн окуялардын сап башында турат.

SUPER.KG порталы "Президент эртең жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берет. Эгерде сиз журналисттин ордунда болсоңуз, мамлекет башчыга кандай суроо узатмаксыз?" деген собол салды.

Жарандык активист Айбек Мырза президентке курултай институту, коррупцияга каршы күрөшүү, Жер-Үй кени боюнча суроо бермек экенин билдирди.

"Курултай институту Конституцияга кириши керекпи? Коррупцияга каршы күрөш тандалма болуп жаткан жокпу? Бийликке сын айткан адамдарга кылмыш иши козголуп, тегерегиндегилерге эмне үчүн козголбойт? Ушундай суроолорду бермекмин. Ошондой эле Жер-Үй кени боюнча маселени айтмакмын. Жер-Үй кенинде биздин мамлекеттин үлүшү нөл. Эмне үчүн бул жактагы коррупцияны көрбөйт? Эмне үчүн мамлекеттик комиссия түзбөйт? Орусиянын таасиринен коркобузбу?" - дейт Айбек Мырза.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан