Бүгүн, 25-декабрда парламентте мугалимдерге, дарыгерлерге жарандар тарабынан жасалып жаткан мамиле боюнча маселе көтөрүлдү.
Депутат Жылдыз Мусабекова мугалимдер, дарыгерлер укук коргоо жагынан алсыз болуп жатканын айтты. "Бүгүнкү күндө ак халатчандарды, мугалимдерди иш учурунда сөгүп, сабап, кемсинтип жатат. Жалган жалаа жаап жатышат. Административдик бузуу кодексине айыптарды жана жазаларды киргизүүнү сунуштайм. Укук коргоо жагынан мугалим, дарыгерлер алсыз болууда. Ата-энелер мугалимдерди сабап, сүйрөп директордун кабинетине алып барып жатышат", - дейт Мусабекова.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтты.