Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңештин кезектеги XXVIII сессиясынын күн тартибине киргизилген темалар каралып жатат.
Анда негизги маселе катары Бишкек шаардык кеңештин 2020-жылга бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө маселе каралууда.
Бирок белгилеген жыйын 1 жарым саатка кечигип башталды. Сессия саат 09:00гө белгиленген.
Сессия Жаныбек Абировдун төрагалыгы алдында өтүүдө.
2020-жылга карата Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолу 10 098 148,0 миң сомду, 2019-жылга бекитилген планга карата өсүү темпи 118,3 пайыз же бюджеттин көлөмүнүн көбөйүшү 1 559 525,5 миң сомду түзгөн.
Салык кирешелери боюнча болжол 8 195 983,0 миң сомду түзөт, 2019-жылга бекитилген бюджеттин өсүү темпи 109,0 пайыз же 676 753,0 миң сомго көп. Салыктык эмес кирешелер боюнча 2020-жылга карата кирешелердин көлөмүнүн суммасы 1 100 481,3 миң сомду болжойт.
Республикалык бюджеттен трансферттер боюнча болжолу 801 683,7 миң сом, анын ичинен «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 75 000,0 миң сом. Ченемдик укуктук актыдагы өзгөрүүлөргө ылайык, республикалык бюджеттен компенсациялар билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын 30 пайызга көбөйтүүнүн суммасы 726 683,7 миң сомду түздү. 2020-жылга карата атайын каражаттар боюнча түшүүлөрдүн болжолу 233 396,1 миң сомду түзөт. Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин болжолунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген. Орто мөөнөттүү болжолуна ылайык, жактырылган 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык параметрлери кабыл алынган.
Салык кирешелери боюнча болжол Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматына, Бишкек шаарынын негизги параметрлеринин экономикалык көрсөткүчтөрүнө ылайык жүргүзүлгөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, 2020-жылы ИРП өсүшү 104 пайыздык деңгээлде болжолдонот жана 227 миллирад 679 миллион 5 миң сомду түзөт. Орточо эмгек акынын өсүү темпи 100,9 пайызды жана 23 403,6 сомду түзөт, өндүрүш продукциясынын көлөмүнүн өсүү темпи - 104,1 пайыз көрсөтүлгөн рыноктук кызматтын көлөмү - 104,8 пайыз, соода жүгүртүү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу буюмдарын оңдоо – 105,6 пайызды түздү.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде жана шаардын салык салынуучу базасына негизделип, келерки жылга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин болжолу түзүлдү.
Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы боюнча 2020-жылга болжолу 2019-жылга бекитилген бюджетке (3 477 180,0 миң сом) карата 135,8 пайыз өсүү темпи менен 4 720 450,0 миң сомду же өсүш 1 243 270,0 миң сомду түзөт. Көбөйүү жергиликтүү бюджеттин пайдасына 85 пайызга чейин киреше салыгы боюнча бөлүштүрүүнүн ченеминин пландалган көбөйтүлүшү менен байланыштуу. Киреше салыгы боюнча бөлүштүрүүнүн ченеми 2021-жылы да көбөйөт, анда ченем 100 пайызга чейин жетет. Мында сатыктан түшкөн салык боюнча бөлүштүрүү ченеми төмөндөй баштайт жана жыйынтыгында, 2021-жылы сатыктан түшкөн салык боюнча түшүүлөр толук көлөмдө республикалык бюджетке өткөрүлүп берилет.