Депутаттар социалдык теңсиздикти жоюу керектигин айтышты

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун реформалоо, коррупциялык жосундар менен социалдык теңсиздикти жоюу жаатында тапшырмалар берилди.

Маалыматка ылайык, аталган фонддун 2019-жылдагы бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 15 миллиард 30 миллион сом өлчөмүндө бекитилген. "Фонддун киреше жана чыгаша бөлүктөрү "Онкологиялык кызматты колдоо" коомдук фондунан келип түшкөн. 2019-жылдын башына карата максаттуу каражаттардын калдыктарынын эсебинен 478 миллион 245 миң сомго көбөйдү. Бул каражаттын ичинен жыл аягына чейин 178 миллион 245 миң сом колдонулат. Бирдиктүү төлөм тутумунда иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарынын атайын эсептериндеги өтмө каражаттардын калдыгына тактоо киргизилди. Калдык – 309 миллион 380 миң сом", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан