Шаардык кеңештин депутаттары борбордогу экологиялык абалды талкуулашты

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары кезектеги сессияда борбордогу экологиялык абал тууралуу маселени карап, талкуулашты.

Бишкек шаарынын экологиялык абалы, шаарды каптаган кара түтүн, полиэтилен баштыктары тууралуу Улан Азыгалиев маалымат берди. Рысбай Аматов Жылуулук электр борборунун директору Андрей Воропаевге ЖЭБге байланыштуу суроо узатты.

"ЖЭБди модернизациялоодон кийин анын түтүгү кыска болуп калган деген пикирлер айтылып жатат. ЖЭБ шаардын абасын булгап, түтүн каптап жатат", - деди ал.

Андрей Воропаев төмөнкүдөй жооп кайтарды. "Жаңы түтүктүн бийиктиги 150 метрге чейин узундукту түзөт. Жаңы жабдуулар эки системдүү тазалоочу, электрфильтирлөөчү артыкчылыкка ээ. Мындай жабдуу баарында эле бар эмес. Ал 99,9 пайыз зыяндуу заттарды өлтүрө алат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан