Жогорку Кеңеште өкмөттүн мамлекеттик финансыларды башкаруунун маалымат системин жайылтууну тездетүү жөнүндө токтому кабыл алынды

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн мамлекеттик финансыларды башкаруунун маалымат системин жайылтууну тездетүү жөнүндө токтом долбоору каралды.

Депутат Экмат Байбакпаев токтом долбоору бюджеттик акча каражаттарын комплекстүү автоматташтыруу тутумун тездетип жайылтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Депутат акыркы жылдары Эсептөө палатасы бюджеттик уюмдар менен мекемелердеги көп сандаган сын-пикирлерди жана мыйзам бузууларды белгилеп жатканын эске салды. "Республикалык бюджеттин аткарылышына жасалган аудиттердин маалыматтары боюнча, Эсептөө палатасы тарабынан жылдан-жылга Жогорку Кеӊештин токтому менен жыл сайын бекитилүүчү бюджеттик саясаттын негизги багыттары камтылган бюджеттик резолюциянын багыттары аткарылбай жаткандыгы белгиленип келет”, - деди ал.

Жыйынтыгында токтом кабыл алынып, өкмөткө мамлекеттик каражатты башкаруунун маалымат тутумун жайылтууну тездетүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан