Бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны өттү. 188 журналист аккредитациядан өттү. Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык маалымат каражаттарынан, 28 журналист 15 чет элдик маалымат каражаттары болду.
SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берди. Анын жооптору купулуңузга толдубу?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев азыркы учурда президенттин чечкиндүүлүгү аба менен суудай керек деген пикирде.
"Суроолорго жараша жооптор болду да. Себеби оңой эле жооп бере турган суроолор болду. Бул жерде президент эч кандай кыйналган жок. Президенттик аппараттын басма сөз катчысынын башкарганы боюнча маалымат жыйыны өттү. Мен көп нерсени күттүм эле. Президент чечкиндүү маселелерди чечип коё тургандай жооп болот деп күткөм. Бирок эмнегедир суроолор ошондой болуп туруп алды. Кайран 2 жарым саат өттү.
Бир-эки жакшы суроо болду. Бирок алар деле мурдагы суроолордой эле. Преференциялык шайлоо болот, босогону азайтуу керек деген суроолор берилет деп күткөм. Садыр Жапаровду сотторго шылтоолобой, мыйзам ченемдүү документтер болсо мунапыс бергенге даярмын деп айтса болмок. Бүгүнкү күнү президенттин чечкиндүүлүгү аба менен суудай керек эле", - дейт Каныбек Осмоналиев.