Бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны өттү. 188 журналист аккредитациядан өттү. Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык маалымат каражаттарынан, 28 журналист 15 чет элдик маалымат каражаттарынан болду.
SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берди. Анын жооптору купулуңузга толдубу?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Жаңы жылга жакшы тилектер менен баруу үчүн баарын колдой турганын айтты.
"Жаңы жылдын алдында бардык адамдардын сөздөрү менин купулума толот. Жаңы жыл алдында мен бардыгын мактайм. Жакшы тилектер менен кийинки жылга баралы. Бул үчүн баарын колдоп жатам", - дейт Чыныбай Турсунбеков.