Бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны өттү. 188 журналист аккредитациядан өттү. Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык маалымат каражаттарынан, 28 журналист 15 чет элдик маалымат каражаттары болду.
SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берди. Анын жооптору купулуңузга толдубу?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев президент өкмөт, министрликтер, мекемелер айта турган, кыла турган суроолорго гана жооп берди деген пикирде. "Президенттин бүгүнкү маалымат жыйынын сүйлөгөн сөздөрү мени канааттандырган жок. Анткени президент өлкөнүн эң жогорку кызматы болуп эсептелет. Глобалдык, стратегиялык, чоң деңгээлдеги сүйлөшүүлөр боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу айтышы керек болчу. Президенттин бүгүнкү маалымат жыйынында күнүмдүк турмуштагы сөздөр айтылып, майдаланып кетти. Андан кийин парламенттик өлкөлөрдө жоопкерчилик, милдет дагы өкмөттө болот. Биз парламенттик өлкө болсок, президент эмне үчүн өкмөттүн иштерине жооп берип жатканына таң калып жатам. Бүгүнкү маалымат жыйындын суроолоруна, жоопторуна дагы канааттанган жокмун. Ал "дежурный" суроолорго жооп берди", - дейт Келдибаев.