Депутат Зиядин Жамалдинов кара түтүн Бишкектин эң көйгөйлүү маселелеринин бири болуп калганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Чындыгында кара түтүн маселеси Бишкек шаарында эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп калды. Себеби шаардын абасы булганып, эл да бул маселени көтөрүп жатат. Бул маселени күн тартибине киргизип, карап коюу керек. Комитет карабаса, комитеттин отурумун уюштуруу керек", - дейт Жамалдинов.
Депутат Кожобек Рыспаев Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети бул маселени караганын айтты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков комитет чечимин алып келсе, бул маселени кошумча катары киргизсе боло турганын билдирди.