Жогорку Кеңештин жыйынында Тазабек Икрамов Экмат Байбакпаевди түртүп жиберди. Депутаттар бир аздан соң бул жөн гана талаш-тартыш экенин айтышты

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Тазабек Икрамов Экмат Байбакпаевди түртүп жиберди.

Жыйында депутаттар арасында Бишкек шаарын каптаган кара түтүн боюнча токтом долбоорун кароону күн тартибине киргизүү боюнча талаш-тартыш жаралган.

Депутат Кожобек Рыспаев бул токтом долбоору тармактык комитетте талкууланбаганын айтты. Анда кара түтүн боюнча токтом долбоордун демилгечиси Марлен Маматалиев бул маселени күн тартибинде калтырууну суранган.

Депутат Экмат Байбакпаев бул токтом долбоору алгач Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде талкууланышы керек экенин айтты.

Депутат Тазабек Икрамов: "Жарандар кара түтүн боюнча митингге чыгып жатышса, комитетте каралбаганын айтып жатасыңар. Анда бул токтом долбоорун комитетте бүгүн карагыла", - дейт.

Байбакпаев комитетте бул маселе бир канча жолу каралганын айтты. Жыйындын жүрүшүндө Икрамов Байбакпаевди түртүп жиберди.

Бир аздан кийин Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу депутаттардын ортосунда талаш-талкуу болгонун жазды. "Экмат Байбакпаев менен Тазабек Икрамовдун ортосундагы талаш-талкуу бул жөн гана парламенттин ишине мүнөздүү көрүнүш. Эл өкүлдөрү мушташып кете жаздады же жакалашты деген маалыматтар жаңылыш", - деп Нуракун уулу билдирүү таратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан