Жогорку Кеңеште Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңеште Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого багытталган мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбооруна ылайык, Азия өнүктүрүү банкы Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга 100 миллион доллар көлөмүндө каражат бөлөт. Анын ичинде жеңилдетилген насыя 60 миллион доллар, гранттык каражат 40 миллион доллар. Насыя 1,5 үстөк пайызы менен 32 жылдык мөөнөткө берилүүдө. Үч-Коргон ГЭСи толугу менен кайра курулуп, 35-40 жыл аралыгында 216 мегаватт көлөмүндө электр энергиясын өндүрө алат.

"Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасы Айтмамат Кадырбаев бул каражат мурда Токтогул ГЭСин реконструкциялоого алынган насыядан үнөмдөлүп калганын айтты. Азыр ал Үч-Коргон ГЭСин оңдоого жумшалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан