Депутат: "Бишкек Орто Азиядагы эң кир шаарга айланганы өкүнүчтүү"

Депутат Каныбек Иманалиев Бишкек шаары Орто Азиядагы эң кир шаарга айланганы өкүнүчтүү экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында "Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтом долбоору каралууда.

"Бишкек Орто Азиядагы эң бийикте турган шаар, эми Орто Азиядагы эң кир шаарга айланганы өкүнүчтүү. Бирок бул токтом менен маселе комплекстүү түрдө чечилбейт. Жалпы парламентте угуу кылалы. Бул токтомду кабыл ала берели, экологиялык коопсуздук маселесин парламентте кароо керек", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан