Депутат Бишкектеги абанын булганышы боюнча токтом долбоору тууралуу: "Өкмөт Жогорку Кеңештин кабыл алган токтомдорун качан аткарып, кыйратып жиберди эле?"

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңеште "Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтом долбоору каралды.

Анда депутат Исхак Пирматов бул маселени талкуулабай, добуш берүүгө өтүүнү сунуштады. "Бул токтом долбоору менен багыт берип жатабыз. Өкмөт Жогорку Кеңештин кабыл алган токтомдорун качан аткарып, кыйратып жиберди эле? Добуш берүүгө өтөлү", - деди ал.

Жыйынтыгында аталган токтом долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан